• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бишкекте сабалган чет элдик жаран каза болду

5 Теке 20199:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

Мындай маалыматты сабалган нигериялыктын достору, тааныштары кабарлап жатышат.

Башкалаадагы «Cambridge School» тил үйрөнүү мектебинде иштеген Нигериянын 34 жаштагы жараны 2-июлда«Айчүрөк» соода борборунун алдында токмок жеп, оор абалда ооруканага түшкөн. Ошондон бери комадан чыга элек болчу.

Милиция аны урганга шектүүнү эртеси күнү кармап, камакка алган. Ал Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургуну болуп чыккан.

Окуя тууралуу видео интернетке да тараган. Анда эс-учун жоготуп жаткан ынды кара кишиге жарандар жардам берип жатышканы тартылган. Күбөлөр чет элдик жаран менен аны урган киши соода борборунан чыкканын, кыргызстандык анын колунан кармап, кое бербей, экөөсү айтыша кеткенин, шектүү аны бет тарапка урганда ал башы менен асфальтка жыгылып, эс -учун жоготконун билдиришкен. Экөөнүн чырына эмне себеп болгону белгисиз.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 12