• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкекте сабалып, каза болгон чет элдик жарандын сөөгүн мечитке алып келишти

5 Теке 2019 14:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарында сабалып каза болгон чет элдик жаран Тижжани Али Абубакардын сөөгү мечитке жеткирилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын бир тууган иниси, туугандары, кесиптештери келишти. Мындан тышкары Али тууралуу интернеттен билип, жакындарына колдоо көрсөтүү үчүн бейтааныш адамдар дагы барышты.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 6-июлда жерге берилет.

Эске салсак, Нигериянын 34 жаштагы жараны 2-июлда «Айчүрөк» соода борборунун алдында токмок жеп, оор абалда ооруканага түшкөн. Ошондон бери комадан чыга элек болчу.

Милиция аны урганга шектүү адамды эртеси күнү кармап, камакка алган. Ал Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургуну болуп чыккан. Кылмышкерди кармап, жазалоону премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырган болчу

Количество просмотров: 3