Бүгүн, 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды. Аны «Ынтымак Ордо» президенттик администрациянын имаратынын кире беришинен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Эки өлкөнүн гимндери жаңырып, мамлекет башчылары ардактуу кароолдун алдынан өтүп, аскерлер менен учурашышты, президенттер өз делегацияларын бири-бири менен тааныштырышты.
Андан ары эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү башталды.