Азия чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси жана Кыргызстандын көп жолку чемпиону Бекболот Рахатбековдун жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык турнир өтөт.
Маалыматка ылайык, чемпионат 22-23-майда Бишкектин “Арча-Бешик” конушундагы «Газпром-Балдарга» спорт-эс алуу комплексинде болот. Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы КР Самбо федерациясы жана «Бекболот Рахатбековдун » спорттук клубу менен биргеликте уюштурууда. Мелдеш 2003-2005, 2006-2008-жылы туулган балдар арасында өтөт.
Мелдештер Кыргызстанда самбонун массалык өнүгүүсүн жайылтуу, спорттун чеберчилигин жогорулатуу, КМШ республикаларынын спорт командалары менен достук мамилелерди түзүү максатында өткөрүлөт.
Жеңүүчүлөр кубок, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат.