• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте санитардык эрежелерди сактабагандарга миллион сомго жакын айыппул салынды

1 Кулжа 202017:12 Бишкек Govori.TV


Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган ишкерлерге 983 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын мэриясынын максаты ишкердик субъекттерге айып пул салуу эмес, ишкердик субъекттер тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын камсыздоо болуп саналат.

«Райондук администрациялар Санитардык-экологиялык инспекция жана Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен биргеликте ишкердик субъекттердин санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоолору боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө. Алардын көчмө топтору тарабынан 14-майдан тартып бардыгы 4 миң 528 объект текшерилип, 983 миң 500 сомго айыппул салынган»,-деди вице-мэр.

Количество просмотров: 125