• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкекте «Сапат» лицейинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз болууда

1 Кулжа 2021 11:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында «Сапат» лицейин түзүүчүлөрдүн бири Орхан Инанды дайынсыз болууда. Маалыматты Октябрь РИИБден тастыкташты.

Маалыматка ылайык, милицияга 1-июндун таңында, саат 04:20да Бишкектеги 12-кичи райондон Lexus 470 автоунаасы табылгандыгы, эшиги бекитилбей жана ичи бош экенин кабарлаган билдирүү түшкөн. Ал жерден Ю. К. аттуу жаран атасы И. О. аттуу адам ушул автоунаа менен жүргөндүгүн айтып арыз жазган. Орхан Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөнү кабарланды.

Кошумчалай кетсек, теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алганы айтылган Орхан Инанды Кыргызстандагы «Сапат» жеке лицейин негиздеген.

Количество просмотров: 87