Бишкекте Сауд Арабиядан келген туристтердин акча каражатынын уурдалганы тууралуу факты каттоого алынды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, факты райондук ички иштер башкармалыгынын ЖИИБине катталып, териштирүү иши жүрүүдө.
«Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ьуга чейин маалымат каражаттары уурулук фактысы 22-июлда Ambassador мейманканасында болгонун жазып чыгышкан. Анда, Сауд Арабиядан келген коноктордун бөлмөдөгү сейфтен 20 миң доллар өлчөмүндөгү акчасы уурдалганы маалымадалган.