• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте шайлоочу бюллетенди сүрөткө тартып алган

11 Чын куран 2021 15:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндө жайгашкан №1150 шайлоо тилкесинде шайлоо мыйзамын бузган факты катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1998-жылы туулган С.Д. аттуу жаран шайлоо тилкесине келип, өзүнүн бюллетенин сүрөткө тартып алган. Кыздын сөзү боюнча, ал бюллетенди сүрөткө тартууга болборун билген эмес. Ошондой эле бул бюллетенди шайлоого барганын тастыкташ үчүн туугандарына көрсөтүү үчүн сүрөткө тартканын, эч ким аны үгүттөбөгөнүн билдирген.

Октябрь РИИБдин документтештирүү тобу тарабынан бул материал боюнча протокол толтурулду. Топтолгон материалдар борбордук шайлоо комиссиясына мындан ары чечим чыгаруу үчүн жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 89