• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте Шубин атындагы музыкалык мектеп иштеп баштады

14 Аяк оона 2020 18:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы П. Шубин атындыгы музыкалык мектеп карантин шартында өз ишин баштады. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, музыкалык мектептерде теориялык сабактар онлайн форматта, ал эми мугалим менен окуучунун ортосундагы түздөн-түз байланышып окуу жана инструментте ойноп үйрөнүү маанилүү экендигин эске алуу менен жеке жана практикалык сабактар реалдуу режимде жүрүп жатат.

Эске салсак, учурда республика боюнча музыкалык мектептер 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып штаттык режимде бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин алгоритми жана коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн санитардык-гигиеналык режимдерди сактоо менен иш алып барууда.

Количество просмотров: 153