• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте синтетикалык баңгизат саткан өспүрүм кармалды

22 Жетинин айы 202415:25 Бишкек Govori.TV

Бишкекте синтетикалык баңгизатты каткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМге «А» аттуу жаш жигит Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында “Телеграм” социалдык тармагы аркылуу синтетикалык баңгизаттарды таратуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

«Бишкек шаарында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда 2006-жылы туулган А.А.М. аттуу жаран кармалган. Жеке тинтүү учурунда кармалган жарандын кара барсеткасынан скотч менен оролгон 16 даана брикет табылып, алынган, андан кийин баңгизаттарды кайсы жерге катып жатканын көрсөткөн. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар синтетикалык «Альфа — ПВП» баңгизаты болгон», — деп жазылат билдирүүдө.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган “Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” кылмыштын белгилери боюнча Биринчи май райондук ИИБнын КБРге катталып, кылмыш иши козголгон.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 272