• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте сойкукана аныкталып, уюштуруучусу кармалды

25 Баш оона 202510:36 Бишкек Govori.TV

Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан сойкукана уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Притон» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чарасынын алкагында, Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде «Г» аттуу аял сойкулук менен алектенүү үчүн жай уюштургандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматты текшерүү учурунда факт тастыкталып, Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө кызматына 1965-жылы туулган шектүү Ж.Г. жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Мындан тышкары, сойкулук менен алектенип жаткан кыздар аныкталып, аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-2-беренеси менен (Сойкулук менен алектенүү) административдик протоколдор түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, кыздардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, интимдик кызмат көрсөтүүдөн алынган акча каражатынын 50% пайызы, уюштуруучу 1965- жылы туулган Ж.Г. га шарт түзүп бергендиги үчүн төлөнүп тургандыгын билдиришкен.

Ал эми, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты, ошол даректен кыздардын кызматын пайдаланып жүргөн жаран тастыктаган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 105