• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте социалдык тармактарда видеолорду жарыялаган адам кармалды

13 Бирдин айы 20268:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек ШИИББ КМККБ кызматкерлери интернетке мониторинг жүргүзүү учурунда Facebook социалдык тармагынан терс мазмундагы видеоматериалдарды таратып жаткан «Жолдош Сыргаков» аттуу аккаунтту аныкташкан.

Милициянын маалыматы боюнча, жарыяланган материалдар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин кадыр-баркына шек келтириши мүмкүн.

Бул факт ШИИББ маалыматтарды каттоо журналына катталып, андан соң тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө баракчанын ээси 1983-жылы туулган Ж.С. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Процессуалдык иш-чаралардын жүрүшүндө эркек киши милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, аларга карата уятсыз сөздөрдү айткан.
Материалдар Бишкектин Биринчи май РУУИнин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.

Ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси («хулигандык») боюнча протокол түзүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген

Количество просмотров: 537