• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте өспүрүм апасынын дарысына акча чогултуу үчүн тилемчилик кылууда

19 Бирдин айы 2020 18:36 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги “ГУМ” соода борборунун алдында 13 жаштагы өспүрүм апасынын дарысына акча чогултуу үчүн тилемчилик кылат.

Өзүн Сергей деп тааныштырган өспүрүм апасынын жүрөгү ооруй турганын билдирди.

“Эки бир тууганбыз байкем жана мен. Апамдын бир топ жылдан бери жүрөгү ооруйт. Дары-дармекке акча жок болгондуктан тилемчилик кылам”,-деп билдирди өспүрүм.

Мындан сырткары, ал каражаттын жетишсиздигинен улам мектепке барбай калганын кошумчалады.

Количество просмотров: 1460