• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 24 жаштагы адам кармалды

17 Кулжа 202011:36 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектүү катары 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы 14-декабрда Сокулук районунун тургуну, 2019-жылы күзүндө Максат аттуу жигит кызын машинага салып зордуктаганын айтып милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш-жаза кодексинин «161-зордуктоо» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иши башталган.

«Кылмышка шектүү 24 жашта экендиги аныкталды. Издөөдө жүргөн жаран бүгүн саат 00.30 чамасында борбор калаадан кармалды, учурда убактылуу кармоочу жайда», — деп берилет маалыматта.

Количество просмотров: 394