Бишкекте 11 жана 10 жаштагы балдар колдо жасалган жарылуучу затты жардырып, жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-август күнү саат 17:30 чамасында Свердлов районундагы Ч. Айтматов көчөсүндө 2 жаш бала колдо жасалган жарылуучу заттан жабыркагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 жаш бала (2010-ж.т. С.А., 2011-ж.т. К.Н.) жаракат алышкан.
Алдын ала маалымат боюнча, ал кулак тундуруучу жардыргычы болгон. Жерине 5 куткаруучу тартылып, балдарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалдары туруктуу.