Токмок шаарында массалык мушташ уюштургандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-май күнү шаардык милицияга Алга айылынын 56 жаштагы К.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 11-май күнү болжол менен саат 20:00до Токмок шаарынын №1 кичи районунда белгисиз балдар 2007-жылы туулган Н.А. аттуу уулун ур-токмокко алган.
Милицияга ушундай арыз менен 39 жаштагы Ч.У. жана 32 жаштагы Х.М. аттуу жарандар кайрылган.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө жүргөн.
«Милиция массалык мушташты уюштурууга жана ага катышууга шектүү катары 2005-жылы туулган Ш.Ж., И.К. жана 2007-жылы туулган М.А. аттуу балдарды кармап, алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда териштирүү иштери уланууда.