• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө өспүрүмдөрдүн калайман мушташы орун алды

28 Бештин айы 202214:45 Бишкек Govori.TV

Панфилов районунда өспүрүмдөрдүн калайман мушташы орун алды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, окуя 27-декабрда Кайыңды шаарында болгон. Аталган шаардын жана Панфиловка айылынын өспүрүм тургундары мушташа кетип, 17 жаштагы бала ур-токмокко кабылып, телефонун алдырып жиберген.

Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренесинин негизинде каттоого алынды. Шектүү катары 17-21 жаштагы эркектер кармалганы, алардын арасынан пневматикалык курал табылганы жана бирөө милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы кабарланды.

Количество просмотров: 379