• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мечитте чөнтөк уурулук кылганга шектелип өспүрүмдөр кармалды

14 Бирдин айы 202417:47 Бишкек Govori.TV

Ошто мечитте уурулук кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалымат караганда, окуя 27-январда Ош шаарындагы «Аль Бухарий» мечитинде болгон. Жарандардын даарат алуу жана намаз окуп жаткан учурунан пайдаланып Кара-Суу районунун жана Өзгөн районунун 2007-жылы туулган тургундары чөнтөк уурулук кылышкан. Алар кармалып сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган эки өспүрүмдүн катышуусунда 9 факты аныкталган. Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, жаш курагы эске алынып, ата-энесинин кепилдиги менен үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 134