27-августта эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатынан кайтып келишти.
Спортчуларды Манас эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Олимпиадалык резервдеги өспүрүмдөр мектебинин директору Асеин Торогелдиев, Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш боюнча федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алды
Эске салсак, курама команда 19-25-август күндөрү Амман шаарында (Иордания) дүйнө чемпионатында 4 медаль (3 алтын, 1 коло) жеңишти.
Курсантбек Исаков 55 кг чейинки салмакта япониялык, казакстандык жана америкалык балбандарды утуп финалга чыкты. Чечүүчү финалдык беттеште кубалык Иосиф Иван Бахманнды 4:2 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону аталды.
Өмүрбек Асан уулу 60 кг чейинки салмакта Япония, Украина, АКШ жана Азербайжан өлкөлөрүнөн келген балбандарды жеңип алтын медалга ээ болду.
Рустамжан Кахаров 65 кг чейинки салмакта Иран, Австралия, Грузия, Казакстан жана Орусия өлкөлөрүнүн спортчуларын артта калтырып, Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү деп табылды.
Ал эми Марлен Абдраимов 51 кг чейинки салмакта беттешин 1\16 финалдык баскычтан баштады. Анда түркмөнстандык, орусиялык жана азербайжандык балбандарды утуп, жарым финалда америкалык спортчудан жеңилген. Үчүнчү орун үчүн беттеште өзбекстандык Озодбек Алийоновду 17:6 ири эсебинде жеңип, коло медалга татыды.
Ата мекендик курама команда 104 упай менен жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.
Исаков (55 кг), Өмүрбек Асан уулу (60 кг) жана Рустамжан Кахаров (65 кг) алтын медалга ээ болушту. Ал эми 51 кг чейинки салмакта Марлен Абдраимов 3-орунду ээледи.