• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте өспүрүмдү унаасы менен коюп качып кеткен айдоочу кармалды

18 Бештин айы 202017:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 12 жаштагы өспүрүмдү унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Малыматка ылайык, 3-декабрда болжол менен саат 07:50 чамасында Токомбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу унаасы менен 2008-жылы туулган Б.Э. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматы издөө иш-чараларын жүргүзүп, 16-декабрда кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранды колго түшүрүлгөн. Унаа убактылуу атайын жайга токтотулуп, иш Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилгени белгилүү болду.

Количество просмотров: 205