• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жасалма номур менен жүргөн айдоочу кармалды

7 Жалган куран 2021 10:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жасалма номур менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматкаылайык, 6-март күнү милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 22:20 чамасында Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган «Toyota Camry» үлгүсүндөгү авто унааны токтотушкан.

Кызматкерлер керектүү документтерин текшерүү учурунда 1998-жылы туулган А.А. аттуу айдоочу авто унаасынын мамлекеттик номурун атайын жасалма номурга алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган. Ошол эле учурда айдоочулук күбөлүгү да жок болгон.

Бул факты боюнча авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол эрежесин бузгандыгы жана айдоочулук күбөлүгү жок болгондугу үчүн 2 протокол түзүлгөн. Ал эми жасалма номур менен жүргөндүгү үчүн, айдоочу Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 213