• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Чүйдө жөө адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

2 Баш оона 2021 10:26 Бишкек Govori.TV

Москва районунун Беловодское айылында жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 31-июль күнү түнкү саат 3:00 чамасында Беловодское айылынын Фрунзе — Октябрь көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу жөө кишини сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Ал эми алган жаракатынын улам  55 жаштагы адам эсине келбей ошол жерден көз жумган.

Иликтөө иштеринин алкагында качып кеткен айдоочу кармалган. Ал 1988-жылы туулган Талас облусунун тургуну экени аныкталган. Учурда айдоочу укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, унаасы айып короого токтотулган.

Количество просмотров: 339