• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жасалма номур менен унаа башкарып жүргөн айдоочу кармалды

8 Бештин айы 2020 10:09 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жасалма номур менен унаа башкарып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-декабрда Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 14:40 чамасында Токомбаев көчөсүнөн «Тойота-Камри» үлгүсүндөгү авто унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер авто унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1994-жылы туулган М.Ч. аттуу айдоочусу унаасынын мамлекеттик номурун алмаштырып, жасалма номур менен айдап жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча унаа айып короого токтотулуп, ал эми айдоочуну октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 95