• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров самитте сөз сүйлөдү. Адамды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды

13 Тогуздун айы 2022 14:04 Бишкек Govori.TV

АСТАНАДА САММИТ БАШТАЛДЫ

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 13-октябрда Астана шаарында өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитинде сөз сүйлөдү.

Президент Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан жыйынды Азия өлкөлөрүнүн жалпы жана бирдиктүү коопсуздугун бекемдөөчү форум деп атап, уюмдун ролу жана мааниси өсүп, бекемделишине ишеничин билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле жакында Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүккө талапкерлигин колдоп бергени үчүн Азия мамлекеттерине ыраазычылыгын билдирди.

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити өтүп жатат.

АДАМДЫ СҮЗҮП КЕТКЕН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-октябрда 02:00дө белгисиз айдоочу Кустанай көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып жөө өтмөктөн 40-45 жаштардагы эркек адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

«Кийин шектүү Mercedes-Benz Vito унаасынын айдоочусу кармалып, камакка алынды», — деп айтылат маалыматта. Аталган факт Бишкек ШИИББдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

НОЯБРДА КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР  4 КҮН КАТАР ЭС АЛАТ

Ноябрь айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-6-ноябрь ишемби, жекшемби күнгө туура келет. Ал эми  7- 8-ноябрь Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп белгиленген.

Буга байланыштуу 5-6-7-8-ноябрь күндөрү дем алыш болот.

Количество просмотров: 116