• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте суу түтүгү жарылып, айдоочу жабыркады (видео)

11 Кулжа 2022 10:00 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жер алдындагы суу түтүгү жарылып, жеңил унаанын айдоочусу жабыркады. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.

Бишкектин Курманжан Датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жер алдындагы суу түтүгү жарылган. Түтүк жарылган убакта Nissan үлгүсүндөгү унаа өтүп бара жаткан.

«Кырсыктын кесепетинен айдоочу жабыркап, унаага материалдык зыян келтирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Кырсык байкоо камерасына түшүп калган.

Учурда «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын кызматкерлери аталган тилкеде сууну өчүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 1615