• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте түндө абал тынч болуп, тоноо факттары катталган жок

3 Жалган куран 2020 9:22 Бишкек Govori.TV

3-мартка караган түнү Бишкек шаарында абал тынч болду, тоноо факттары катталган жок. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, мектептер, бала бакчалар жана башка мекемелер кадимки режимде иштеп жатат.

ЭСке салсак, кечээ, 2-мартта Бишкек шаарында мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп, аларды милиция кызматкерлери, атайын багыттагы аскер кызматкерлери кууп таратышты. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев, Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров, А.Артыков жана башкалар УКМКга жеткирилди.

УКМКнын маалыматы боюнча, бул жарандар Садыр Жапаровду камактан бошотуу талабын коюп, баш аламандыкка, бийликти күч менен басып алууга аракет кылууга чагымчылдыктар болгон митингдин активдүү катышуучулары.

«ИИМ тарабынан көрүлгөн чаралар аракеттерге жол берген жок. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39-беренеси жана 309-беренеси менен («Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо») катталды. Тергөө жүрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 81