• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте талаптарга жооп бербеген жарнамалар алынууда

27 Аяк оона 202216:49 Бишкек Govori.TV

Бишкекте талаптарга жооп бербеген жарнамалар алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Манас проспектине чейинки бөлүгүндө жарнамаларды алуу иштери жүргүзүлүп, 32 жарнамалык штендер, 37 жарнамалык пано, 43 жарнамалык баннер алынды.

Эскерте кетсек, «КР мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жана уруксатсыз орнотулган жарнамалар алынууда жатат.

Количество просмотров: 126