• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте тамактануучу жайдан өрт чыкты

17 Жалган куран 202617:39 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 3 бөлүм тартылган ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Кожевенная көчөсүндө тамактануучу жайдан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 16:24төн тарта жалпы 3 күжүрмөн эсеп, штаб жана ыкчам топ (1 дрон) тартылган.

«Тилсиз жоо саат 16:41де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 122