Бишкектеги Сухэ Батор-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги нан жапкан тандырдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан имараттагы тандырдын күйүгөн. Аларга чакыруу 15:48де келип түшүп, тилсиз жоого каршы бир бригада жөнөп кеткен.
Буга чейин интернет колдонуучулар Бишкек шаарындагы 6-кичи райондо көңүл ачуучу жайлардын бири күйүп жатканын айтып, жеринен видео жүктөшкөн. Видео «Короче» телеграм каналына жарыяланган.