• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте тапанчадан ок чыгарган кыздын өздүгү такталды

22 Бугу 2022 12:23 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы коопсуздук эрежелерин сактабай, тапанчадан ок чыгарган кыздын өздүгү такталганын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда 20-25 жаштар чамасындагы азиат улутундагы белгисиз кыз, белгисиз үлгүдөгү тапанчадан ок аткан видео тараган. Бул окуя кайсы тоолуу аймакта болгондугу да белгисиз болгон.

Кеңири тараган видео тасма социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында, коомчулукта нааразылык жаратып, айрымдары тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин жетекчилигине видео кайрылуу жолдошкон.

Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБ Маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында төмөнкү жарандар аныкталып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди:

— Б.А., 2000-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну.

— А.Ж.,1985-жылы туулган Бишкек шаарынын жашоочусу.

Жүргүзүлгөн иштин негизинде травматикалык тапанча алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тапанчанын ээси жогоруда аталган А.Ж. аттуу жаран.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, видеодо чагылдырылган окуя мындан беш күн мурда Бишкек – Ош унаа жолунан алыс эмес жерде, Чычкан капчыгайынын аймагында болгон.

Ок атууну сүйгөн жарандын айтымында, видео тасмада болуп жаткан көрүнүштү өзүнүн досу тартып алган.

Ал эми аталган фактыга юридикалык баа берүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Количество просмотров: 1082