• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бишкекте таштандыларды сорттоп салуу үчүн урналар орнотулду

2 Теке 201917:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.07.2019.Govori.TV.

Бишкекте таштанды үчүн жаңы урналар орнотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы урналар атайылап таштандыларды бөлүп, мисалы желим, кагаз жана айнек үчүн деп үч бөлүктөн турат.

«Ар бир урна 12 миң сомду түзүп, аларды «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жасашкан. Мындай урналардан биринчи этап менен 10 даана даярдалды. Алардын алтоо борбордогу Курманжан Датканын эстелигинин тегерегине орнотулду. Ал эми экөө Чүй менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулса, дагы экөө У. Салиевадагы скверге коюлат».

Мэриядан кошумчалагандай мындай урналар Бишкектин баардык аймактарында алмаштыруу пландалып жатат.

Количество просмотров: 16