• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчусун сабап кетишти

12 Теке 2018 0:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.07.2018. Govori.TV
Бишкекте белгисиз жигиттер «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчусун сабап кетишти. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат катчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Окуя Бишкек шаарындагы Лущихина көчөсүндө болуп өткөн. Анда таштанды жүктөөчү унаа жолду бөгөп калган. Таштанды чыгарып жаткан жумушчулардын 5 мүнөт күтө тургула деген өтүнүчүн четке каккан 4 белгисиз жигит таштанды жүктөп иштеген жумушчуну сабап салышкан.
Азыркы тапта алар милицияга арыз жазганын жана жумушчу ооруканда экенин маалымат кызматы кошумчалаган.

 

Количество просмотров: 2