• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте «Тазалыктын» дагы бир кызматкерин унаа сүзүп, каза болду

4 Үчтүн айы 202212:20 Бишкек Govori.TV

Унаа сүзүп кетен «Тазалык» мекемесинин кызматкери каза болду.Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы саат 08:15 чамасында ЖЭБдин аймагында болгон.«Тойота Пробокс» үлгүсүндөгү унааны 1981-жылы туулган Р.Г. башкарып бара жаткан. Бул унаа Шабдан баатыр көчөсүн тазалап жүргөн 1987-жылы туулган К.С. аттуу жаранды сүзүп кеткен.

Аял айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилип, унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 146