Бишкек шаарында телефон тоногон шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-январда болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Чүй менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефон уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Ммилициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, шектүүнүн изине түшкөн.
Арыз ээси — 1989-жылы туулган М.К. «Редми 8» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун бейтааныш адам тартып алганын билдирген. Кайгуулчулар тарабынан көп узабай 1993-жылы туулган Б.С. шектүү катары кармалды. Ал Ленин РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.