• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Бишкекте темир эритүүчү цех өрттөндү

25 Жалган куран 2022 10:00 Бишкек Govori.TV

 Бишкек шаарында темир эритүүчү цехтен ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, Ленин районунун Чыңгыз Айтматов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ленин заводунун аймагындагы темир эритүүчү цехтен өрт чыккан.

«Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 3 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылды. Мындан сырткары, Бишкек шаардык суу чарба башкармалыгынан 1 бригада тартылган. Тилсиз жоо саат 07:23тө чектөөгө алынган. Өрттүн аянты болжол менен 500 куб метрди түзөт. Жабыркагандар жок»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 315