УКМК Бишкектеги Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталганын билдирди.
УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү юстициянын капитаны Б.У.А мыйзамсыз кирешелерди алуу жана жеке баюу максатында, кармалгандар менен жолугушууга уруксат берүү үчүн системалуу түрдө опузалап акча алууга шарт түзүп келген.
«24-февралда Б.У.А. камактагы адамга жолуктуруу үчүн кезектеги параны алып жаткан жеринен кармалды», — деп айтылат маалыматта.
Иш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталган. Шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.