• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте тергөөчү кармалды

1 Бугу 202513:46 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалганын билдирди. Расмий маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси – “Опузалап пара алуу” менен кылмыш иши козголгон.

30-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп, тергөөчүнү акча алып жаткан жеринен кармаган.

Ушул тапта тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 492