• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте тергөөчү пара алууга шектелип кармалды (видео)

17 Бирдин айы 2021 9:54 Бишкек Govori.TV

Ленин РИИБдин тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, буга чейин арыздануучу А.К. тергөөчү андан акча талап кылып жатканын билдирген. Бишкек ШИИБдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында шектүү К.Н. РИИБдин имаратынын ичинде акча алып жатканда кармалды.

Тергөөчү Биринчи май райондук соту тарабынан СИЗО-1 мекемесине 2 айга камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 153