• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бишкекте террористке жасалма документ берген паспорт столдун кызматкери соттолду

13 Бирдин айы 2019 10:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.02.2019.Govori.TV.

Бишкек шаардык соту борбор калаанын калкты паспорт менен камсыз кылуу бөлүмүнүн мурунку башчысын 2 жыл 8 айга эркинен ажыратты.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту шектүүнү 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган болчу. Мындан тышкары мүлкү конфискацияланмак. Шаардык сот өкүмдү жеңилдетти.

Маалыматка караганда, Ооганстандын жарандары менен шектүү кылмыштуу келишим түзүшкөн. Соттолуучу аларга Кыргызстандын жасалма паспортун берүүгө макулдугун берген. Ал алгач 1994-жылкы үлгүдөгү жасалма паспортту берген. Кийин дагы эски паспортторду жаңыга алмаштыруу үчүн башка документ даярдап бергени аныкталды.

«Мындан тышкары эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсүнө дагы чет өлкөгө чыга турган жасалма паспорт бергени такталды», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 31