Бүгүн, 7-сентябрда таңкы саат бештер чамасында Саманчин жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аянты 120 ч.м. тез тамактануучу жай толугу менен күйүп кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт жанаша жайгашкан павильонго өтүп павильондун ички жасалгасы жана «Киа» жана «Хонда Одиссей» унааларынын чырактары күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар жок.