• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы болду

10 Жетинин айы 202211:43 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 9-ноябрда саат 23:00дөр чамасында тез жардам кызматынын унаасы Ахунбаев көчөсүнөн Жунусалиев көчөсүнө бурулганда “Мерседес Бенц” жана “Фольксваген Пассат” унаалары менен кагышкан.

Кырсыктан эки медкызматкер жана “Фольксваген Пассаттын” айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда үч унаа тең айып аянтчасына киргизилген. Окуянын себеби аныкталууда.

видео: Кабар.
Количество просмотров: 230