• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте тигүү цехтен өрт чыкты

21 Баш оона 2022 16:42 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Дачная көчөсүндө жайгашкан тигүү цехтен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм, Штаб, саат 05:59да ККББдан ыкчам топ тартылган.

Тилсиз жоо 06:35те чектөөгө алынып, толук саат 09:12де өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.

Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 162