• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бишкекте тик учак кулап, бир адам каза болду

17 Үчтүн айы 202414:08 Бишкек Govori.TV

17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учак кулады.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыкта экипаждын мүчөсү каза болгон.

«Жараат алгандардын бешөө реанимацияга жаткырылды, алардын бири өтө оор абалда. Калган төрт кишинин абалы орто деп бааланууда. Дагы эки аскер кызматкери Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды», — деп жазылат маалыматта.

Министрлик тик учак кырсыгы боюнча кызматтык териштирүү баштады.

Коргоо министрлиги кырсык окуу-машыгуу учурунда катталганын кошумчалады.

Количество просмотров: 150