Бишкек шаарында «Бекем тиш» айлыгынын алкагында шаардыктар стоматологиялык текшерүүдөн бекер өтө алышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган акция ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. Бүгүнкү күндө 58 жаран текшерүүдөн өткөн, анын ичинде 34 баланын тиши дарыланган.
«Иш-чаранын максаты — тишти бекер дарылоо, аз камсыз болгон, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге медициналык жардам көрсөтүү», — деп айтылат маалыматта.