• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте Тоголок Молдо көчөсү убактылуу жабылат

2 Аяк оона 202118:41 Бишкек Govori.TV

Бишкекте футбол боюнча “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдешинин алкагында Кыргызстан — Палестина оюну өтөт.

Маалыматка ылайык, оюнга байланыштуу Чүй жана Фрунзе көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсү мененки бөлүк саат 17:00дөн 23:00гө чейин жабык болот.

Кошумчалай кетсек, 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш жана 7-сентябрда Кыргызстан менен Бангладеш ойнойт. Аталган мелдеш Кыргызстандын курамасынын 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандоо оюндарына даярдык көрүү максатында өтүп жатат.

Количество просмотров: 168