• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте тоноочулукка шектелип 9 жаран кармалды

2 Жетинин айы 2020 9:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында тоноочулукка шектелип 9 жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-ноябрда болжол менен саат 05:30 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматынан Орозбеков жанан Киев көчөлөрүнүн кесилишинен тоноп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1989-жылы туулган Ф.С аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле күнү көрсөтүлгөн даректе болжол менен саат 05:20 чамасында белгисиз жарандар арыз ээсинин «REDMI NOTE 6» үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун ачык түрдө коркутуп,тартып алышкан.

«Чакыруу менен келген Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2001- жылы туулган Э. Н., 2001- жылы туулган Э.Э., 2001- жылы туулган Б. Ж., 2001- жылы туулган А. А., 2002- жылы туулган С. А.,2002- жылы туулган Д. Б., 2002- жылы туулган Ж. У., 2002- жылы туулган К. Р., жана 2001- жылы туулган И. Б аттуу жалпысынан 9 жаран кармалып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 201- берененин ( Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 72