Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-декабрда болжол менен саат 13:45чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматына Жибек-Жолу көчөсүндө тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1986-жылы туулган С.И аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Жибек-Жолу көчөсүнөн О. аттуу тааныш жаран күч колдонуп,баасы 14 000 сом турган «Айфон-7» үлгүсүндөгү телефонун тартып алган.
Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш- чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Б.О аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.
Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.