• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бишкекте топографиялык топтордун жолугушуусу өттү

9 Бирдин айы 2023 13:56 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун иши уланууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптардын дипломатиялык каналдар боюнча жетишилген макулдашууларына ылайык, Бишкек шаарында 3-9-февраль аралыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. 

«Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү»,-деп айтылат маалыматта.

Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында пландалууда.

Количество просмотров: 63