• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жибек Урустемованын өлүмү боюнча эки милиционер кармалды

30 Бештин айы 20259:39 Бишкек Govori.TV

Күйөөсүнүн колунан каза болгон 47 жаштагы Жибек Урустемованын өлүмү боюнча милициянын эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү катары күйөөсү 1978-жылы туулган У.Б.М. кармалган.

УКМК билдиргендей, маркумдун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч бар экенине байланыштуу жогорку деңгээлдеги коргоо ордери бар болчу. Бирок Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык милиционери маркумдун кайрылууларын көңүлгө албай, анын жана балдарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көргөн эмес.

«Андан кийин аймактык милиционер Ж.Н. өз аракетсиздигин жашыруу максатында шектүүнүн жашаган жери боюнча текшерүүлөрдү жүргүзгөндүгү тууралуу актыларды жасалмалаган. Ошондой эле Бишкек ШИИББнын улук инспектору А.К. айыпталуучуга травматикалык тапанчаны сактоого жана алып жүрүүгө уруксааттын мөөнөтүн мыйзамсыз узарткандыгы аныкталды. Милиция кызматкерлери 29-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ленин райондук соту аларды тергөө бүткүчө камакка алуу чечимин чыгарды»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 803