• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бишкекте улуттук «Манас» театрынын жаңы корпусу ачылды

18 Чын куран 2024 13:15 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун айтымында, бул чоң окуя жана искусстиво дүйнөсүнүн, манасчы, акын жана дастанчылар үчүн жакшы мумкүнчүлүктөр түзүлөрүнөн кабар берет.

«Театрдын ачылы — бул башталышы гана. Мындан ары дагы чоң иштер жасалат. Биз бүгүн ачып жаткан имарат — бул административдик корпус. Мындан кийин 3 миң адамга ылайыкташкан көрүүчүлөр залы курулат», — деди ал.

Министр азыркы учурда театрда 120 манасчы, акын жана дастанчылар иштеп жатканын, дагы кызматкерлер ишке алынарын белгиледи.

«Манас» театрынын жаңы корпусунун ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, башы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, искусство ишмерлери, манасчы, акын жана дастанчылар катышты.

Теги:
Количество просмотров: 57